Панфилов районунда сот тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Панфилов районунда сот тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-майда Панфилов райондук милициясынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө сот тарабынан издөөдө жүргөн 1973-жылы туулган С.А. аттуу жарандын өздүгү такталып, колго түшүрүлгөн.

Ал 24-мартта Панфилов райондук сотунун чечими менен өзүм билемдик фактысы боюнча иштин материалдарынын негизинде соттук териштирүүгө келбегендигине байланыштуу издөөдө жүргөн.

Учурда кармалган жаран Панфилов РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.