Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Памирден келген этникалык кыргыздарга өкмөт финансылык жактан жардам көрсөтүп келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаев кабарлады.
Анын маалыматы боюнча, алардын ичинен 2 үй-бүлө Ат-Башыда, 9 үй-бүлө Нарын шаарында жашайт.
“Жашы жете элек 18 бала мектепте билим алууда, 5 кичинекей бала балдар бакчасына барышат. Ай сайын 16 балага 1215 сомдон жөлөкпул төлөнөт. Андан тышкары, өкмөт алардын үйүнүн акысын, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөргө 2 млн. 870 миң сом каражат бөлгөн”, - дейт ал.
Аны менен бирге Темирбаев 2018-жылдын декабрь айында келген 4 үй-бүлөгө премьер-министрдин фондунан 560 миң сом бөлүнүп берилгендигин айтты. Ал эми үйдү ижарага алуу, коммуналдык кызматтарды төлөө жана керектүү оокаттарды сатып алуу үчүн ар бирине 28 миң сом берилген.