Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Пакистандын бардык жарандары Кыргызстанга келердин алдында өз өлкөсүндө коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, пакистандыктар өлкөсүндө Sinopharm, AstraZeneca, Pfizer жана “Спутник-V” вакцинасын алат. Аталган маалымат Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан тастыкталган.
Мындан сырткары, Кыргызстанга кирүү үчүн чет элдик жаранда акыркы 72 саатта өткөн ПЧР-тесттин жыйынтыгы милдеттүү түрдө болушу керек. Ошондой эле өлкө аймагына кирүүдө жарандар тиешелүү текшерүүдөн өтүшөт.
Эскерте кетсек, Афганистандын жарандарына виза берүүгө убактылуу тыюу салынган (дипломатиялык жана кызматтык визадан тышкары).