Бишкек, 05.03.19 /Кабар/. Пакистандын Белужистан провинциясында нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланып, бир топ зыяндарды келтирди.
Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Исламабад жетекчилери бир канча күнгө созулган катуу жамгырдан улам, өлкөнүн түштүк-батыш аймактарын сел каптап, 13 адамдын өмүрүн алып, жүздөгөн үйлөрдүн кыйроосуна алып келгенинин билдиришти.
Провинциянын өзгөчө кырдаал мекемесинин жетекчиси Имран Заркон бул тууралуу мындай деген: Провинциянын тогуз аймагы селден жабыркады. Мындан тышкары жүздөгөн үйлөр, көпүрөлөр, трассалар жана башка инфраструктуралар биротоло кыйраган.
Провинциянын өзгөчө кырдаал мекемесинин жетекчиси жабыркаган аймактардын жашоочуларына алгачкы жардамдар жеткирилгенин кошумчалап кетти.