Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидовду кабыл алды.
Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, мэр жолугушууда эки тараптуу мамилелер жигердүү өнүгүп жатканын белгилеген.
Тараптар социалдык-экономикалык, соода-өндүрүштүк, маданий-гуманитардык, туризм жана башка келечектүү багыттарда кызматташууну чыңдоо, Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун ишмердүүлүгүн уюштуруу маселелери боюнча сүйлөшүштү.
Жолугушуунун соңунда, тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.