Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 62 жашында каза болгон Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиевдин үй-бүлөсүнөн кабар алып, жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Калаа башчысы Артыкбай Эралиев коронавируска каршы күрөшүп, элдин ден соолугу үчүн мээнет кылганын баса белгилеген.