Бишкек, 18.02.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаадагы эл аралык уюмдардын жана коомдук фонддордун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.
Эки тараптуу жолугушууда мэр Ош шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык Программасынын долбоорунда социалдык тармакты өнүктүрүү жана колдоо багытында мерчемделген иш-чаралар тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде эл аралык уюмдардын, коомдук фонддордун өкүлдөрү Ош шаарынын тургундары жана аткаруу бийлиги менен тыгыз кызматташууга кызыктар экенин билдиришти. Ошондой эле өздөрүнүн сунуштарын айтышты.