Оштун “Амир-Тимур” аймагындагы көчөдө тротуарды асфальттоо иштери башталды

Аймак

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Ош шаарында “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгынын №177 көчөсүнө тротуар куруу иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын маалыматына караганда, жалпы узундугу 1200 метр, туурасы 2,25 метрди түзөт.

План боюнча тротуар 10 күндөн кийин пайдаланууга берилет.