Оштогу Шакиров көчөсүн кеңейтүү иштери жүрүүдө

Аймак

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. Ош шаарынын Шакиров (мурунку Гагарин) көчөсүн реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. Бүгүн, 24-июлда вице-мэр Жасур Азимов баштаган жетекчилер иштин жүрүшү менен таанышып кайтышты, - деп кабарлайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, шаар мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштери сапаттуу жүрүшүн көзөмөлдөө тапшырмасын берген.

Шакиров көчөсүндө 2 км 400 метр жол асфальтталып, 20 метрге чейин кеңейтилет. Жолдун эки тарабына тротуар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулат.

Мындан тышкары көчө көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруу жакшыртылмакчы. Реконструкциялоо иштери күз айларына аяктайт.