Оштогу сел: Зыянга учураган суу объекттери калыбына келтирилүүдө

Аймак

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Ош облусундагы селден улам зыянга учураган суу объекттерин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-июлдагы катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийинки селдин кесепетинен 15тей суу курулмалары жабыркаган.

Зыянга учураган суу объекттери:

  • Ноокат районундагы “Күңгөй”, “Сапарбаев-1” чарба аралык каналдары;
  • Кара-Суу районундагы “Ак-Буура” плотинасындагы башкы суу бөлүштүрүүчү курулма, “Араван-Ак-Буура”, “ПМК”, “Южный”, “Жойпас”, “Гүлчө-Гунан”, “Мады” суу бөлүштүрүүчү чарба аралык каналдары;
  • Араван районундагы “Найман-Головной”, “Мазар-Арык”, “Сандык”, “Мечит”, жана “Араван-Сай” чарба аралык каналдары.

Учурда райондук суу чарба башкармалыктары тарабынан үзгүлтүксүз жумуштар алып барылып, атайын техникалардын жардамы менен шилендилер тазаланууда. Объекттер калыбына келтирилгенден кийин сугат суу берүү жандандырылары айтылды.