Оштогу мыйзамсыз курулуштардын суу жана электр энергиясы өчүрүлдү

Аймак

Бишкек, 25.04.23./Кабар/. Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштардын суу жана электр энергиясы өчүрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев баштаган жумушчу топ «Керме-Тоо» жана «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышып чыгышты.

Комиссиянын курамына Мамлекеттик курулуш комитетинин, архитектуранын, коммуналдык чарбанын жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү кирген.

Рейддин жүрүшүндө курулуп жаткан 7 көп кабаттуу үйдө мыйзам бузуулар аныкталып, суу жана электр энергиясы өчүрүлдү.

Курулуп жаткан объектилерде бардык мыйзам бузуулар жоюлуп, тиешелүү документтер даярдалгандан кийин алар аталган тармактарга кошулууга уруксат ала алышат.