Оштогу 225-кварталда жаңы социалдык имараттардын ачылышы болду

Аймак

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын "Керме-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгынын 225-кварталында фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП), окуу борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

Аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, эл аралык кайрымдуулук уюмдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын алкагында курулушка салым кошкон Кувейт мамлекетиндеги “Шейх Абдулла Нурий” кайрымдуулук фондунун, “Ассанабил” эл аралык уюмунун жеткечилерине Ош шаарынын мэриясынын Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Белгилей кетсек, 225-кварталда фельдшердик-акушердик пунктунан сырткары окуу борбор, мечит курулган. 1,5 жылдын ичинде курулуп бүткөн имараттардын жалпы аянты 400 метр квадраттан ашат.

Аталган кварталда жалпы 120 түтүн үйдө 400гө жакын жашоочу жашайт.