Бишкек, 11.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылында баңги затын сатып жаткан жеринен 51 жаштагы адам кармалды.
ИИМдин маалыматы боюнча, кармоо учурунда ал 5 грамм баңги затын жок кылууга аракет кылган. Шектүүнүн үйүн текшерүү маалында 2 кг ашуун баңги заты табылган.
Маалыматка ылайык, кармалган жанар жумушсуз жана буга чейин соттолгон.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда иликтөө амалдары жүрүүдө.