Ошто жатак абагында айнек буласынан эшиктер чыгарыла баштады

Аймак

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Ош шаарындагы №42 жатак абагында айнек буласынан эшиктер чыгарыла баштады. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Мекеменин жетекчиси А.Исмаилов белгилегендей, цехте эки соттолгон адам иштеп, алардын ишмердүүлүгү колонияга киреше алып келүүдө.