Ошто жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Аймак

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Ош шаарынын А. Навои көчөсүнө жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Як-Калик (Жекелик) каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн ачылышына вице-мэр Жасур Азимов жана шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана шаар тургундары катышты.

Бул көпүрө жараксыз абалга келип, ӨКМ корутунду чыгарган. Көпүрөнүн узундугу 9 метр болуп, кеӊдиги 20 метр.

Эки тарабынан адамдар өтүүчү жол да салынды.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кооптуу абалдагы көпүрөнүн ордуна жаңысын куруу ташпырмасын берип, курулуш иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланды.