Ошто уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби


Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ушул жылдын 8-октябрында “Женго” каймана аты менен белгилүү болгон К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү, 1995-жылы туулган М.у.Х., 1993-жылы туулган Ю.У. жана Р.А.С., 1978-жылы туулган А.Ы.Б. 1986-жылы туулган Өзгөн районунун "кароочусу" болгон Т.И.М., 2000-жылы туулган "топтун" мүчөсү А.у.Б. жана 1997-жылы туулган “топтун” дагы бир мүчөсү, ошондой эле “Казак” деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү дагы болуп саналган Ж.Д. кармалды.

Атайын кызматтар уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттерин улантууда.