Ошто согуш ардагерлерине президенттин атынан Орозо айтка карата белектер тапшырылды

Аймак

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Ош шаарында согуш ардагерлерине президенттин атынан Орозо айтка карата белектер тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, вице-мэр Венера Рыскулова ардагерлердин үйүнө барып, Орозо айт майрамы менен куттуктаган.

Белектер Салахидин Тохтабаевге (97 жашта), Анна Тягуновага (99 жашта), Самибай Артыковго (101 жашта), Касымбай Жолдошевге (97 жашта) тапшырылды.