• 87.45
  • 100.82
  • 1.09

Ошто шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон ишкерлер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэриясында ишкерлердин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу катышып, ишкерлердин шаардын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатууга кошкон салымын белгилеп, Ош шаарынын мэринин атынан кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнүн 32 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Н.Исановдун 80 жылдыгына арналган иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн бир катар ишкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамота жана Ыраазычылык баракча менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий