Бишкек, 14.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Ошто “Сахарово” миграциялык борборун ачуу пландалууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мигранттардын басымдуу бөлүгү региондордон кетип жаткандыгына байланыштуу аталган миграциялык борборду Ош шаарына ачуу каралууда.
“Учурда биз Ош шаарынын мэриясы менен чогуу имарат карап жатабыз. Россиянын бизге койгон талаптары боюнча имараттын аянты 405 чарчы метрге чейин болуусу керек. Биз имарат маселесин чечсек, калган маселелерди Россия тарап чечүүгө даяр”, - деди ал.
Ал белгилегендей, ошондой эле учурда пилоттук негизде 3 борбор ачуу пландалууда.
“Борборлор Бишкектеги кесиптик-техникалык окуу жайларынын базасында ачылмакчы. Аталган борборлор ачылса, чет өлкөгө кеткен жарандар ошол өлкөлөрдүн негизги мыйзамдары менен тааныш болот. Ошондой эле ал жерде кыска мөөнөттүү тил курстары ачылат, ал жерден тил үйрөнүшсө дагы болот”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий