Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Ош шаарында Россиянын миграциялык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр, жарандардын чет өлкөдө болуу тартиби жана жолго чыгуу алдындагы даярдыктар тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте өткөрүлдү.
Иш-чарага министрликтин аймактык (райондук) башкармалыктары, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты.
Мындан тышкары, Кыргызстандагы Тилектештик борборунун жана "Инсан-Лейлек" коомдук фондунун көмөгү менен социалдык кызматкерлер, социалдык педагогдор, жогорку класстардын окуучулары жана ЖОЖдордун студенттери үчүн коопсуз миграция боюнча эки күндүк семинар-тренинг өткөрүлдү.
Окутуунун алкагында эмгек жана миграциялык мыйзамдар, миграциялык процесстер жана мыйзамсыз миграциянын кесепеттери, ошондой эле жарандардын чет өлкөдө жүрүүсүнүн негизги эрежелери, реинтеграция жана кайтып келүүчү миграция маселелери каралды.