Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-сенябрда КР президентинин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Америка Кошмо Штатынын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултерди кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, социалдык-экономикалык маселелер, чакан ГЭСтерди куруу, мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу, тоолуу аймактарга конок үйлөрүн куруу жана мамлекеттик кызматкерлерге англис тилин үйрөтүү боюнча долбоор иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты