• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Ошто куткаруучулар дарыядан аялдын сөөгүн алып чыгышты

Кырсык 0

Бишкек, 18.05.24. /Кабар/. Ошто куткаруучулар дарыядан аялдын сөөгүн алып чыгышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ӨКМге бүгүн, 18-майда Ак-Буура дарыясында аял киши агып бара жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Жеринде 4 куткаруучу жумуш алып барып, болжол менен 35-40 жаштагы аялдын сөөгүн сууда агып бара жаткан жеринен алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий