Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Ош шаарында бир катар курулуш компанияларына 10 миллион сом айып салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан курулуш объектилериндеги коопсуздук талаптарын жана курулуш нормаларын бузгандыгы үчүн төмөнкү курулуш уюмдарына Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесине ылайык, салынган айыптын жалпы суммасы 10 млн сомду түздү.
Тизме:
- «Модерин Стиль»,
- «Амантур»,
- «Капитал Строй Инвест ЛТД»,
- «Альшараф»,
- «Абраж Резиденс»,
- «Стандарт Хаус»,
- «Эл Насип»,
- «Байкал Групп»,
- «Сулайман Групп»,
- «Бийиктик Курулуш»,
- «Илбирс»,
- «Имарат Стиль»,
- «Бизнес Хаус КГ»,
- «Зеромакс»,
- «Стандарт Строй ЛТД»,
- «Карагай Курулуш»,
- «Элит Строй Сити»,
- «Гарант Строй ЛТД»,
- «Ошстрой Компании»,
- «Эстет Строй»,
- «Алихан Строй»,
- «Ясин Курулуш»,
- «Нурзаман Групп»,
- «Артвин».
Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча тапшырмалар берилди.
Аталган башкармалык курулуш нормаларынын жана коопсуздук эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө менен курулуш объектилеринде авариялардын алдын алуу боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзөт.