Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Ош улуттук драма театрында белгилүү акын, профессор жана КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тазагүл Закированын 70 жылдык мааракеси белгиленди. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, Тазагүл Закирова, анын санаалаштары жана коомдук ишмерлер катышты.
Биринчи вице-мэр Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан Т.Закированы юбилейи менен куттуктап, акчалай сыйлык тапшырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Т.Закированын 70 жылдык мааракесине карата атайын китептеринин көргөзмөсү уюштурулуп, катышуучуларга акын жөнүндө кыскача видео тасма көрсөтүлдү.
Ошондой эле акындын калемине таандык ырлар көркөм окулуп, концерттик программа менен коштолду.