Ошто коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнүнө карата футбол боюнча мелдеш өттү

Аймак

Бишке, 20.03.22. /Кабар/. Ош шаарында 19-мартта коммуналдык кызматкерлердин күнүнө карата дене тарбия жана спорт комитети тарабынан футбол боюнча мелдеш уюштурулду.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, спорттук иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык чарба тармагындагы мекеме-ишканаларынын жамааты катышты.

Жыйынтыгында биринчи орунду "Ошсвет" муниципалдык ишканасы, экинчи орунду "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы алды. Ал эми вице-мэр Сонунбек Жунусбаев баштаган Ош шаарынын мэриясынын командасы үчүнчү орунду камсыз кылды.

Жеңүүчүлөр жана активдүү катышуучулар Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.