Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Ошто күз-кыш мезгилине карата өрт кырсыгынын алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрликтин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Алай жана Кара-Кулжа районунда күз-кыш мезгилдеринде өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Аталган иш-чаранын максаты күз-кыш айларындагы өрткө кооптуу мезгилде адам өмүрүн сактоо, өрттөн келип чыккан материалдык чыгымдарды азайтуу, калктын өрт коопсуздук эрежелери тууралуу маалыматын жогорулатуу болуп саналат.
Мындай аракеттер өлкөнүн бардык аймагында өткөрүлүүдө.