Ошто жер мунапысынын алкагында 28 жаранга кызыл китептер берилди

Аймак

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Жер мунапысынын алкагында 28 жаранга кызыл китептер берилди, деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомуна ылайык, күн мурун Ош шаарындагы Монуев көчөсүнүн 28 жашоочусуна кызыл китептер тапшырылды.

Мэриядан министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан жер мунапысынын алкагында бул багыттагы иштер улантыларын кошумчалашты.