• 87.44
  • 102.13
  • 1.09

Ошто дааратканага түшүп кеткен эки жаштагы кыз куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Ошто Лесная көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дааратканасына эки жаштагы В.Х. аттуу бала түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, жеринде төрт куткаруучу баланы аман-эсен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

“Баланын абалы жакшы”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий