Ошто борбордук базарды көчүрүү иштери бир айга жылдырылды

Коом

Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Ош шаарында борбордук базарды жаңы муниципалдык базарга көчүрүү 2025-жылдын 20-февралына жылдырылды.

Мкниципалитеттен билдиришкендей, ага учурда иштеп жаткан борбордук базардагы соодагерлердин кайрылуулары себеп болду.

Бир ай аралыгында соодагерлер Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгуусу керек.