Ошто бала бакчадан өрт чыкты

Кырсык


Бишкек, 17.01.22./Кабар/. Ош шаарынын Раимбеков көчөсүндө жайгашкан балдар бакчасында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм ыкчам түрдө тартылган. Өрт саат 09:00дө чектөөгө алынып, саат 09:28де толук өчүрүлгөн.

Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.