Ош, 11.09.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында жергиликтүү аймактарды өнүктүрүү боюнча “Жергиликтүү жамааттардын күчү жана биримдиги- мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизи” аталыштагы окуу аягына чыкты.
Семинарга Кыргызстандын бардык облустарынын акимдери, айыл башчылары жана ишкерлер катышты. Семинар 6-9-сентябрга чейин өткөрүлдү.
Иш чаранын акыркы күнү Ош мэри Айтмамат Кадырбаев катышып, семинардын жергиликтүү жамааттар ортосунда биргелешкен маселелерди чечүүдөгү орду чоң экендигин белгиледи.
Иш чаранын алкагында бардык катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.