Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Ош шаарында “Кошумча жабдык” аталышындагы рейд өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБси боюнча Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Милициянын кайгул кызматынын техникалык көзөмөлдөө кызматкерлери тарабынан 17-24-январь күндөрү жол кыймылынын эрежелерин бузган 2 миң 323 айдоочуга карата Укук бузуу жөнүндө кодекстин негизинде протокол түзүлдү.
Рейддин жыйынтыгы:
- техникалдык абалы жакшы эмес эки унаа;
- техникалык кароодон өз убагында өткөрүлбөгөн 24 унаа;
- алдыңкы айнеги караңгылатылган алты унаа;
- спирт ичимдигин ичип алып, унаа башкарган 28 айдоочу;
- тиешелүү документи жок унаа башкарган 33 айдоочу аныкталды.
Ошондой эле унаага кошумча жабдык орнотуп алган алган 10 айдоочу аныкталып, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.
Учурда бул багыттагы иштер улантылууда.