Ошто 6 жашар бала сууга чөгүп кеткен

Кырсык

Бишкек, 23.07.22. /Кабар/. Ошто 6 жашар бала сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Эркин айылында 2016-жылы туулган М. уулу. С. аттуу бала Савай каналына түшүп кеткен.

Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 21 куткаруучу, 18 милиция кызматкери, 30 жергиликтүү тургун тартылган.

Кошумча маалымат берилет.