Ошто 19 жаштагы бала өз өмүрүнө кол салып, кан тамырын кескилеген

Кырсык

Бишкек, 21.02.18. /Кабар/. Ош шаарындагы Сулайман-Тоо тоосунда 1998-жылы туулган А. Я., аттуу бала өзүн-өзү өлтүрүү үчүн колунун кан тамырын кесип алган,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жерине куткаруучулар жеткенге чейин, жабыркаганды медициналык тез жардам кызматы келип алып кеткен. Азырынча бала эмне үчүн мындай кадамга баргандыгы белгисиз.