Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Ошко Стамбулдан аткезчилик жүк ташып келүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бажычылар УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкташты.
Алсак, Ош аэропортунда "Стамбул - Ош" каттамы боюнча жеке ишкер "М.Ю.И." дарегине жүк келип түшкөн, эсеп-фактурага ылайык, товардын жалпы салмагы 205 кг түзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында товардын салмагы иш жүзүндө 450 кг экени аныкталган, мындан тышкары алып кирүүгө эч кандай уруксаты жок дары-дармектер табылган.
Иштин бардык жагдайлары такталганга чейин товарлар "БИ" МИнин түштүк филиалынын убактылуу сактоочу кампасына коюлган.
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.