"Ош - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору": "Ош Фест-2019" туристтик фестивалы өтөт

Аймак

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. "Ош - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык иш-чарасынын алкагында "Ош Фест-2019" туристтик фестивалы өтөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 17-август күнү болуп өтөт.

"Ош Фест-2019" туристтик фестивалынын программасы:

- 17-август күнү саат 18:00дө Улуу Жибек Жолундагы "Чыгыш кербени" "Сулайман-Тоо" музейинин автоунаа токтоочу жайынан "Алымбек-Датка"этнографиялык комплексине чейин жүрөт. Кыргыз, өзбек, индус жана кытай улуттарынын өкүлдөрү төө, топоз жана аттарга артылган жүктөрү менен басып өтүшөт. (Маршрут: А.Навои көчөсү менен барып Курманжан-Датка көчөсүнө бурулат).

- Саат 18:45те расмий коноктор "Тамак-аш жарманкеси" менен таанышат. ("Алымбек-Датка" этнографиялык комплексинин оң тарабында). Расмий коноктордун чет элден келген туристтер менен баарлашуусу болот. Мындан тышкары "Ош базары" жер-жемиш жарманкеси, "Кол өнөрчүлөр" жарманкеси уюштурулат.

- Саат 19:35те көп улуттуу Ош элинин каада-салты менен таанышуу болот. Ошол эле этнографиялык борбордун аллеясында "Кеште-терме" фестивалынын кол өнөрчүлөр көргөзмөсүн ачуу аземи өтөт (тасма кыркылат).

- Кечки саат 20:00дө "Сулайман-Тоо" музей комплексинин алдында "Ош Фест" туристтик фестивалына арналган театрлаштырылган композиция тартууланып, Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган “Алтын өрөөн” республикалык дизайнерлер фестивалы өтүп, анын алкагында улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү болот.