Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэрлигине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Сарыбашов өзү билдирди.
Анын айтымында, көпчүлүк коалиция анын талапкерлигин мэрликке көрсөткөн.
18-июлда Сарыбашовдун талапкерлиги шаардык кеңештин жыйынында каралат.
Эске сала кетсек, мурдагы калаа башчы Айтмамат Кадырбаев КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.