Ош шаарынын мэрлигине Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги көрсөтүлдү

Шайлоо 2023

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэрлигине Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, анын талапкерлигин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрин шайлоо 26-августта өтөт.