Ош шаарынын мэри жарандардын кайрылуулары менен жеринде таанышты

Аймак

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жарандардын кайрылууларына ылайык, алардын көйгөйлүү маселелери менен жеринен таанышып чыкты.Бул тууралуу Ош мэрмясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын Т. Атабаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу, «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Р. Абдыкадыров көчөсүнүн № 164 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүн оңдоо, жылуулук тутумун улоо, Ош-Ноокат жолунан Ош-Араван жолуна чыга турган 9 чакырымдан ашык аралыктагы ички көчөнүн 2 чакырым жолунун четине тротуарды куруу, «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Ош шаардык үй-бүлөлүк медициналык борборунун №2 филиалын башка жакка жылдыруу, жаңы корпусун куруу маселелери менен таанышып, абалын жеринен көрүп чыкты.

Калаа башчысы маселелерди чечүү үчүн жумуштарды уюштурууда тиешелүү кызматтардын жетекчилерине аткаруу боюнча протоколдук тапшырмаларды берди.