Ош шаарындагы мончодон чыккан өрт өчүрүлдү. Жабыркагандар жок

Кырсык

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош шаарынын Петров көчөсүндө жайгашкан мончодон чыккан өрт саат 09:29да толук өчүрүлдү.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Кырсыкта жабыркагандар жок экендиги айтылды.