• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Оштогу "Боорукердик" үй-интернатынан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. Оштогу "Боорукердик" аттуу карылар жана балдар үйүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат 2-июлда саат 19:36да түшкөн. Жерине эки күжүрмөн эсеп тартылып, жалын саат 21:11де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 399 чарчы метр болгон "Боорукердик" үйүнүн 198 чарчы метр аянтындагы 3 шкаф, 4 матрац, пианино, телевизор жана 10 даана отургуч күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий