• 87.45
  • 103.23
  • 1.12

Ош шаарындагы 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Ош шаарынын 222-223-кварталында 275 орундуу мектептин курулушу аяктап жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Курманжан-Датка” МАБынын 222-223-кварталында 275 орундуу мектептин курулушунун акыркы этабы жүргүзүлүүдө.

Учурда имараттын фасадын сырдоо, таяныч дубалдарын тургузуу иштери жүрүп жатат. Жаңы окуу жылынын башталышында объектти ишке киргизүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий