Ош шаарында жалпы ишембилик өтүп, 2100 кубдан ашык таштанды чыгарылды

Аймак

Бишкек, 04.03.23 /Кабар/. Бүгүн, 4-мартта Ош шаарында жарыяланган үч айлыктын алкагында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишембиликке мекеме-уюмдардын, муниципалдык ишканалардын жана кызматтардын эмгек жамааттары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин, жогорку окуу жайлардын жана бала бакчалардын кызматкерлери, жашоочулар активдүү катышты. Ишембиликтин алкагында аймакты таштандылардан тазалоо, бак-дарактарды актап-сырдоо, мекеме-ишканалардын фасаддарын жуу жана сырдоо, тротуарларды, арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында 2100 кубдан ашык таштанды чыгарылды.

Ошондой эле, билим берүү уюмдарында жалпы 1200 түп декоративдик жана мөмөлүү дарактардын көчөттөрү отургузулду.