Ош шаарынын Бахапова көчөсү эки күнгө жабылат

Аймак

Бишкек, 11.12.22. /Кабар/. Ош шаарынын Бахапова көчөсү эки күнгө жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-декабрдан баштап Санабар Бахапова көчөсүнүн (Юго-Восток кичи районундагы көпүрө) Ленин көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгү ОшМУнун медицина факультетине канализация тармактарын куруу иштерине байланыштуу эки күнгө жабылат.

Мэрия унаа айдоочуларынан маршрутун алдын ала пландаштырууну суранат.