Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Кечээ, 27-октябрда Ош улуттук драма театрында президенттин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгына ылайык, Ош шаарынын казыяты тарабынан жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Жыйынга Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, шаар тургундары, активисттер, казыяттын өкүлдөрү катышты.
Жыйында төмөнкү маселелер каралды:
- Өспүрүмдөрдү тарбиялоодогу улууларга болгон урмат-сыйды үйрөтүү;
- руханий-адеп-ахлактык догорулатуу;
- улуттар аралык биримдикти чыңдоо;
- тойлордо жана жаназаларда ашыкча чыгымдарды жоюу боюнча түшүнүктөрдү жеткирүү;
- шайлоодо дин өкүлдөрүнүн, жергиликтүү бийликтин аралашпоосу.
Жыйындын алкагында Венера Рыскулова жогоруда айтылган маселелер боюнча маалымат берип, парламенттик шайлоого карата болгон үгүт иштерине жана добуш берүүдө дин өкүлдөрүн өнөктүккө кийлигишпөөгө чакырды.