Ош шаарында ресторандан чыккан ири өрт толук өчүрүлдү

Кырсык

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Ош шаарында ресторандан чыккан ири өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт саат 15:27де толук өчүрүлүп, тилсиз жоодон жабыркагандар катталган жок.

Учурда өрттүн чыгуу себептери жана чыгымдары такталууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын Алиев көчөсүндө жайгашкан ресторандан өрт чыккандыгы, саат 12:05те чектөөгө алынгандыгы маалымдалган.