Ош шаарында медицина кызматкерлеринин спартакиадасы өтүүдө

Аймак

Ош, 17.06.19 /Кабар/. ОшМУнун педагогикалык факультетинин базасында Ош шаарынын жана Ош облусунун медициналык кызматкерлеринин ортосунда спартакиада өтүүдө.

Спартакиадага жалпысынан 2 миңден ашуун кызматкер катышууда. Алар 20 командагы бөлүнгөн. Медицина кызматкерлери волейбол, кичи футбол, үстөл тенниси жана шахмат боюнча жарышышат.

Жеңүүчүлөр медаль, кубок, баалуу байгелер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.