Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11-октябрында Ош шаарындагы жаштар борборунда Эл аралык кыздар күнү белгиленди.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага жогорку жана орто окуу жайларынын кыздар кеңешинин төрайымдары, жаш активисттер катышты.
Иш-чаранын алкагында шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан кыздардын потенциалдык ишмердүүлүгүн жогорулатуу, кыздар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө максатында "Кыз адеби кымбат" аталышындагы конференция уюштурулду.
 
	 
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
             
             
             
             
             
             
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий