Коронавирустан дарыланып жаткан. Ошто 3-кабаттан боюн таштаган келин каза болду

Кырсык

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Ош шаарында коронавирустан дарыланып жаткан бейтап 3-кабаттан боюн таштап, каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Кечээ, 1-июль күнү Ош шаардык ооруканасында (эски имаратында) 29-июлдан бери коронавирус оорусу менен катуу ооруп, дарыланып жаткан 34 жаштагы аял оорукананын 3-кабатынан боюн таштап жиберген. Алган оор жаракатынан улам ал окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда укук коргоо кызматкерлери саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте бул окуяны иликтеп жатышат. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.