Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасына ылайык, кичи автобустун баардык айдоочулары Ош шаарынын логотиби түшүрүлгөн бирдиктүү формага өтүшүүдө.
Учурда 5 багытта жүргөн кичи автобустардын айдоочулары бирдиктүү формага өтүштү.
Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин айтуусунда, иштер уланып жатат. Жакынкы күндөрү 48 багытта жүргөн кичи автобустардын айдоочулары бирдиктүү формага өтүшөт.